• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүндө экспорттун жогорулашы байкалган

Экономика 0

Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2019-жылдын алгачкы үч айында алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын январь-мартында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд. 533,3 млн. АКШ долларын түзгөн. Аны менен бирге импорттук келип түшүүлөр 8,7 пайызга төмөндөгөн, ал эми экспорттук коюулар 13,7 пайызга жогорулаган.

ЕАЭБке мүчө мамлекеттер менен 2019-жылдын январь-мартында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 509,5 миллион АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 3,5 пайызга төмөндөгөн. Анын ичинде, экспорт 18,7 пайызга төмөндөгөн, ал эми импорт 1,9 пайызга жогорулаган.

Пикир

Оставить комментарий