• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү эки айда $1,3 млрд түздү

Экономика 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-февралында 1,3 млрд АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын маалыматына таянсак, аталган көрсөтүч 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 пайызга көбөйгөн, мында экспорттук жөнөтүүлөр 3,8 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр 1,9 эсе жогорулады.

"КРнын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь-февралында 563 млн АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-февралына салыштырганда 38,5 пайызга өстү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 41,1 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 37,7 пайызга жогоруланган. Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь-февраль айларында Россияга (71,5 пайызга) жана Казакстанга (26,7 пайызга) туура келди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий