• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин негизги милдети жарандарды эвакуациялоо – Нурлан Суеркулов

Коом 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги өлкөдөгү татаал жана кооптуу абалга карабай биздин жарандар менен дайыма байланышта. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин директору Нурлан Суеркулов билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда элчиликтин ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу маселеси Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү каалаган жарандарды эвакуациялоо бойдон калууда.

“Украинанын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине байланыштуу биздин жарандарды үчүнчү өлкөгө эвакуциялоо жүрүп жатат. Мисалы, блокпосттордон өтүү сыяктуу маселелерди ыкчам чечүү үчүн биздин эвакуацияланып жаткан жарандарды элчиликтин кызматкерлери коштоп жүрүшөт. Азыр биздин кесиптештерибиз Львов шаарында жүрүшөт. Венгриядагы элчилигибиз менен бирдиктүү иштер жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле биздин тапшырмабыз менен Кыргызстандын ардактуу консулдарынын жардамы менен Кыргызстандын Харьковдогу жарандарын Львовго чейин темир жол аркылуу транспортировка уюштурулууда. Эвакуациялоону каалабаган жарандарга коопсуз жерде калуу сунушталууда”, - деди Суеркулов.

Пикир

Оставить комментарий