• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын укук коргоочулары Казакстандын Омбудсмени менен онлайн жолугушуу өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. КР Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков жана КР Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Азимова менен онлайн форматта жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Акыйкатчы катчылыгынан кабарлашты.

Тараптар 2022-жылдын январында Казакстандагы башаламандык учурунда кармалган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо маселелерин талкууга алышты.

Атап айтканда, Викрам Рузахунов, Чолпон Сыдыков жана 2022-жылдын 28-январынан бери Тараз шаарындагы №13 ТИЗОдо кармалып турган Талгат Темиркан уулуна байланышкан маселерге токтолушту.

Талкуу учурунда тараптар Стамбул протоколунун сунуштамаларына (Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз, кадыр-баркты басмырлаган мамилени жана жазаларды натыйжалуу иликтөө жана документтештирүү боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Колдонмосуна) ылайык көз карандысыз экспертиза жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугу маселесинде бир пикирге келишти.

Ч.Сыдыковдун Казакстанга баруу маселесинде, учурда ал ооруканада дарыланып жаткандыгына байланыштуу, анын адвокаты суракты онлайн форматында жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү өтүнүчү менен кайрылуусу зарылдыгы белгиленди.

Викрам Рузахунов боюнча Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү аны Казакстанга процессуалдык аракеттерге катышуусу үчүн суракка коштоп барып келүүгө даяр экенин билдиришти.

Э.Азимова Кыргызстан тарапка кайрылып, кыргызстандыктардын процессуалдык укуктарын коргоо үчүн казакстандык адвокаттарды жалдоо мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Э.Азимова эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик база бир өлкөнүн адвокаттары экинчи өлкөдө адвокаттык ишмердигин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде кылмыш-жаза иштери боюнча да карабай тургандыгын маалымдады.

Ал эми массалык башаламандыкка катышууга айыпталып, абакта жаткан Талгат Темиркан уулу боюнча Э.Азимова Талгат Темиркан уулунун апасы жана адвокатын Жамбыл облусунун прокуратурасынын кылмыш-жаза териштирүүсүндө мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдүк жүргүзүүчү жетекчилиги менен жолуктурууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Казакстан Омбудсменинин маалыматы боюнча, мындай жолугушуу 2022-жылдын 28-февралында болду.

Жолугушуунун жыйынтыктап жатып, анын катышуучулары адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо боюнча милдеттенмелерине, биринчи кезекте БУУнун конвенцияларынын, эки мамлекеттин ортосундагы келишимдик-укуктук базаларын максималдуу пайдалануунун зарылдыгы, ошондой эле кылмыш-жаза жана жарандык иштерде укуктук көмөк көрсөтүүнүн Минск жана Кишинев конвенцияларынын ченемдерине таянуунун зарылдыгын бир ооздон белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий