• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 10 пайызга чейин жогорулатты

Экономика 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы 2022-жылдын 28-февралында эсептик ченди (негизги ченди) 150 базистик пунктка 10,0 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Чечим 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалат.

КР УБнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кыргызстандын экономикасы COVID-19 коронавирусунун жайылышына байланыштуу кризистен кийин калыбына келүүсүн улантып жатат. Жагымсыз эпидемиологиялык жагдайдын сакталышы менен катар эле дүйнөдө орун алып жаткан геосаясий тобокелдиктеринин өрчүшү тышкы чөйрөнүн өлкө ичиндеги экономикалык процесстерге, анын ичинде керектөө бааларына терс таасирин тийгизүүчү үстөмдүк кылган факторлордон болуп саналат.

Кыргызстанда баалардын динамикасына дүйнө жүзү боюнча азык-түлүктөргө жана майлоочу-күйүүчү материалдарга баалардын өсүшү таасирин тийгизип жатат. 2022-жылдын февраль айында (18-февралга карата) инфляция жылдык мааниде 10,6 пайызды түзгөн, жыл башынан бери баалар 1,5 пайызга өскөн.

Ошол эле учурда өлкөдө келечектеги баа динамикасы көп учурда соода боюнча өнөктөш өлкөлөр, биринчи кезекте Россия жана Казакстан менен соода жүргүзүү шарттарына көз каранды. Геосаясий тобокелдиктеринин биздин региондогу бардык өлкөлөргө жалпы тийгизген таасирин эске ала турган болсок, Кыргыз Республикасынын соода жүргүзүү шарттары мында олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон эмес. Аны менен катар геосаясий тобокелдиктеринин улам курчушунан түзүлгөн дүйнөлүк финансы рынокторундагы белгисиздик өлкөгө кошумча инфляциялык басым жаратат.

Акча-кредит шарттарын күчөтүү цикли Улуттук банктын инфляцияга монетардык таасир тийгизген факторлорду бир калыпта кармап туруу жана тышкы экономикалык таасирлердин кесепеттерин азайтуу боюнча кабыл алган чараларынын негизинде улантылып жатат. Ошону менен бирге акча рыногундагы кырдаал туруктуу сакталып турат. Банктар аралык рынокто кыска мөөнөттүү чендер өсүп жатат жана алар Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чектин чегинде калыптанган.

Финансы-кредит уюмдарынын ишинин негизги көрсөткүчтөрү жетиштүү запастын көлөмүн көрсөтүүдө, бул финансы-банк системасында туруктуулукту сактоого мүмкүндүк берет. Банк системасы улуттук валютада жетиштүү ликвиддүүлүк көлөмүнө ээ.

Учурда Кыргыз Республикасынын экономикасынын глобалдуу экономикага интеграцияланышы өзүндө биздин өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүгө кайтып келишине таасир берген тышкы тобокелдиктерди камтыйт. Мындай шарттарда Улуттук банктын акча-кредит саясаты биринчи кезекте баа туруктуулугун кармап туруу үчүн жүргүзүлөт. 2022-жылы монетардык саясаттын максаттуу көрсөткүчү болуп инфляциянын орточо деңгээлин 12 пайыз чегинде кармап туруу саналат.

Улуттук банк тышкы экономикалык таасирлердин кесепеттерин азайтуу, инфляцияга монетардык таасир берген тобокелдиктерди бир калыпта кармап туруу жана банк системасынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн акча-кредит саясатынын бардык инструменттерин пайдаланууга жана зарыл ресурстарды колдонууга даяр.

Тышкы чөйрөнү өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик ченди 10,0 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Зарыл болгон учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча оңдоолорду киргизет.

Улуттук банк инфляцияга таасирин тийгизген тышкы жана ички факторлорго үзгүлтүксүз баа берип турат жана экономикалык кырдаалга жараша акча-кредит саясаты боюнча тиешелүү чараларды көрөт.

Маалымат үчүн: Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2022-жылдын 25-апрелинде өтөт.

Улуттук банк жагдайга жараша негизги чен өлчөмү маселеси боюнча пландан тышкаркы отурум өткөрүшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий