• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын Универсиада мелдеши 28-февралда башталат

Спорт 0

Бишкек, 05.02.19. /Кабар/. Кыргызстандын Универсиада мелдеши 28-февралда башталат. Бул тууралуу Жаштар иштер, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Жарыш 28-февралда башталып, 22-апрелде аяктайт. Ал эми анын салтанаттуу ачылышы 13-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлөт.

Универсиада эки баскычта өтөт. Биринчисинде жогорку окуу жайларда спорттун Олимпиада жана массалык түрлөрү боюнча таймаштар орун алат.

Экинчиси - Универсиаданын программасындагы финалдык жарыштар Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.

Жеңүүчүлөргө кубок, диплом, акчалай сыйлыктар каралган.

Пикир

Оставить комментарий