• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын валюта рыногундагы абал туруктуу - Абдыгулов

Экономика 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда валюта рыногундагы абал туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында КРнын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, күтүлбөгөн жагдай болбосо эле инфляция белгиленген чектен ашпайт.

"Улуттук банктын божомолдору боюнча, кескин өзгөрүүлөр болбосо орто мөөнөттүк мезгил ичинде инфляция акча-кредит саясатынын максат кылынган 5-7% көрсөткүчүнөн ашпайт. Мындан улам эсептик ченди (4,5%га чейин) төмөндөтүү чечими кабыл алынган. Инфляциялык тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк акча-кредит саясатынын багытын корректировкалоо мүмкүнчүлүгүн караштырышы мүмкүн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий