• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын валюта рыногундагы кырдаал бир нече күн сакталат – Абдыгулов

Экономика 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын валюта рыногундагы кырдаал бир нече күн сакталат, андан кийин калыбына келе баштайт. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, акыркы эки жумада бир нече окуя болуп өттү. Маселен, мунай баасы түшүп, коронавирус пандемиясы жарыяланды.

Ал белгилегендей, бул нерсе дүйнө экономикасынын жайлашына алып келген.

"Биз ЕАЭБ өлкөлөрү менен тыгыз соода алакабыз бар. Ал жакта болгондордун бизге да таасири тийет. Чек аралар жабылгандыктан биздеги соода-экономикалык иштер жайлап калды. Акыркы эки жумада улуттук валютага "басым" болуп жатат. Кечээ жана мурдагы күнү коммерциялык банктар менен акча алмаштыруу жайлары валюта сатпаганын көрсөңүздөр керек. Бул өзгөрүлмө жагдай болуп жатканы менен байланыштуу. Кечээ биз чыккан курс боюнча суроо-талап көп болду. Мындан улам Улуттук банк суроо-талапты карап, бир долларга 84,9 сом курсу боюнча интервенция жасады", - деди ал.

Абдыгулов, бүгүн көчөлөрдө доллар курсу 85 сомдун тегерегинде сакталып турганын айтып өттү.

Ошондой эле ал, эмнеге долларды сатып алуу менен сатуунун ортосунда чоң айырма болуп жатат деген суроого "банктарда валюта дефицити" жок деп билдирди.

Анын айтымында, учурда Улуттук банктын эл аралык резервдери 2,3 млрд долларды түзөт.

"Жыл башынан бери 202 млн долларга интервенция жасалды. Резервдер алмашуу курсунун кескин түрдө өзгөрүшүнө түзөтүү киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бизде резервдер жетиштүү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий