• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын валюталык рыногунда кырдаал туруктуу - Абдыгулов

Экономика 0

Бишкек, 27.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын ички валюталык рыногунда кырдаал туруктуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Ал 2018-жылдын башына карата сомдун бекемделиши 1% түзгөнүн белгиледи.

“2018-жылдын мартында Улуттук банк ички валюталык рынокто катышкан эмес. Монетардык сектор 2018-жылдын башындагы тенденциялардын сакталашы менен мүнөздөлөт. Акча рыногунун пайыздык коюмдары Улуттук банк тарабынан коюлган пайыздык коридордун чегинде калууну улантууда. Насыялык ресурстардын банктар аралык рыногунда активдүүлүк сакталууда”, - деди ал.

Абдыгулов дүйнөлүк товарлар рыногунда баа динамикасын баалоо жана кошумча тышкы жана ички инфляциялык шоктордун жоктугунда суроо-талаптын өсүшү 2018-жылы инфляциялык динамиканы 5-7%да түзүүнү камсыздашы мүмкүн экенин кошумчалады.

“Мындай шарттарда эсептик коюмдун өлчөмүн 5% деңгээлинде сактоо экономиканын чыныгы тармактарын өбөлгөлөө чараларына колдоо көрсөтө алат”,- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий