• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын Велоспорт боюнча федерациясында жаңы президент дайындалды

Спорт 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Кыргызстандын Велоспорт боюнча федерациясына Төлөндү Тойчубаев жаңы президент болуп дайындалды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мурунку башчы Эркен Акрамов буга чейин өткөн Башкы ассамблеядагы отчеттук-шайлоодо ээлеген кызматынан өз ыктыяры менен кеткен.

“Федерация көп жылдан бери өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү аткарууда. Ал көптөгөн эл аралык беттештерде жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, байгелүү орундарды ээлеп келет”, - деп айтылат маалыматта.

Эркен Акрамов – Советтер Союзунун велосипед спорту боюнча мастери, эмгек сиңирген машыктыруучу. Белгилүү спортчу Евгений Ваккердин устаты.

Пикир

Оставить комментарий