• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын Венгриядагы маданият күндөрү жыйынтыкталды – сүрөт

Маданият 0

Бишкек 15.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын Венгриядагы маданият күндөрү жыйынтыкталып, концерттик программа тартууланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 10-августтан 15-августка чейин өтүп, кыргыздын көөнөрбөс бай маданий программалары менен толукталды.

"Кыргыз элинин улуттук маданиятын чагылдырган фольклордук ансамблдин аткаруусундагы концерттик программанын алкагында манас айтылып, улуттук ыр-күүлөрү жаңырып, көргөзмөлөр менен коштолду. Маданият күндөрдүн расмий жабылышы Венгриядагы улуу гунн жана түрк тилдүү элдердин курултайынын алкагында өтүп, ага кеңири коомчулук катышты", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, маданият күндөргө атайын чакырылган коноктор, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана Венгрияда иштеп, жашап жаткан кыргыздар күбө болду.

Мындан сырткары, маданият күндөрдүн алкагында эки элдин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо максатында бир катар эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий