• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын ветеринардык системасы ЕАЭБ талаптарына эквиваленттүү деп табылды

ЕАЭБ 0

Бишкек. 30.04.19 /Кабар/. Кыргызстандын ветеринардык тутуму Евразия экономикалык биримдигинин ченемдерине эквиваленттүү деп таанылды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Ереван шаарында өткөн Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына интервью берип жатып айтты.

«Кыргыз тараптан мен өкүл болуп саналган Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин деңгээлинде чечимге кол коюлду, ага ылайык Кыргыз Республикасынын ветеринардык тутуму Евразия экономикалык биримдигинин ченемдерине эквиваленттүү деп таанылды. Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кирген учурдан тартып бул көйгөйлүү маселе болуп келген. Мындан улам атамекендик өндүрүүчүлөр өз өндүрүмдөрүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында толук кандуу сата алышкан эмес. Бул чечимге кол коюлгандан баштап жергиликтүү өндүрүүчүлөр өз продукцияларын интеграциялык биримдиктин аймагында тоскоолдуксуз сата алышат», - деп белгиледи ал.

Разаков белгилегендей, биздин өлкө ЕАЭБге кирген учурдан тартып ветеринардык тутумду уюм тарабынан белгиленген ченемдерге дал келтирүү боюнча чоң иштер жасалган.

«Биздин бардык лабораториялар заманбап жабдуулар менен жабдылган. Бул мезгилде үч жолу комиссиянын жыйыны өткөрүлүп, ал биздин ветеринардык тутумду баалады. Натыйжада комиссия биздин тутумду эквиваленттүү деп тааныды. Бул кыргыз өндүрүүчүлөрүнө көңүлү тынч иштеп жана өз өндүрүмдөрүн коңшу өлкөлөргө экспорттоого шарт түзгөн эң башкы чечим болуп саналат», - деп жыйынтыктады Разаков.

Пикир

Оставить комментарий