• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын волейбол боюнча курамасы Азия биринчилигинин финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 22.08.19. /Кабар/. Кыргызстандын волейбол боюнча курамасы Борбордук аймактагы командалар арасындагы Азия биринчилигинин финалына чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Волейбол федерациясынан билдиришти.

Мелдеш Непалдын Катманду шаарында өтүп жатат.

Кыргызстандык команда жарым финалда учурдагы чемпион Түркмөнстандын командасы менен ойногон. Ал оюнда кыргызстандык спортчулар каршылашын 3:0 эсебинде уткан.

Финалдык беттеш 24-августта өтөт. Анда Кыргызстандын курамасы Мальдив - Өзбекстан оюнунун жеңүүчүсү менен ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий