• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын волейбол боюнча курамасы Азия биринчилигинин жарым финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 21.08.19. /Кабар/. Кыргызстандын волейбол боюнча курамасы Борбордук аймактагы командалар арасындагы Азия биринчилигинин жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Волейбол федерациясынан билдиришти.

Мелдеш Непалда өтүп, ага 7 команда катышууда.

Кыргызстандын курамасы А тайпасына түшүп, Мальдив жана Непал курамалары менен ойногон. Кыргызстандык спортчулар эки кураманы тең утуп алышкан.

Ошентип, 6 упай топтогон кыргызстандык спортчулар өз тайпасында биринчи болуп, жарым финалга чыгышкан. Жарым финалда алар В тайпасында экинчи орунду алган команда менен ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий