• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын волейбол боюнча кыздар курамасы Азия чемпионатында 4-орунга илинди

Спорт 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер арасында курама командасы Азиянын зоналдык чемпионатында төртүнчү орунга илинди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Мелдеш 21-29-декабрда Бангладештин Дакка шаарында өттү.

Азия чемпионатында Бангладеш, Мальдив, Өзбекстан, Непал, Шри-Ланка жана Кыргызстандын курама командалары күч сынашты.

Кыргызстандык волуйболчу кыздар Бангладеш, Мальдивдин командаларын жеңип, Өзбекстан, Непал, Шри-Ланкага утулуп калган. Ал эми жарым финалда улуттук курама команда Шри-Ланканын командасына 24:26 эсебинде утулуп, 4-орунга илинди.

Пикир

Оставить комментарий