• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын волейбол курама командасы аймактык турнирдин чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. Кыргызстандык волейболчулар Азия-2017 Чемпионатынын Борбордук аймагында финалдык оюнда 3:1 эсебинде Түркмөнстандан реванш алышты. Беттештер Азия чемпионатынын алкагында Мальдива аралдарында өтүп жатат.

Кыргызстандын курама командасы менен турнирге 2015-жылдагы мелдештердин чемпион болгон Түркмөнстан, турнир ээлери Мальдива жана Непал курама командалары катышкан. Кыргызстандын курамасы түркмөн спортчуларга 2:3 эсебинде оюнду уттуруп, бирок топто 2-орун алып финалга чыкты.

Жыйынтыгында, финалга жетип, өз тарыхында алгачкы жолу чемпион болду. Күмүш Түркмөнстанга, ал эми коло Непалга тийди.

Пикир

Оставить комментарий