• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги менен «Artel» компаниясы кызматташтыгын улантат

Коом 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги менен «Artel» компаниясы кызматташтыгын улантат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ташкент шаарында элчи Ибрагим Жунусов «Artel» компаниясынын башкы директору Дилмурад Гаипов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жогорку деңгээлдеги иш сапарлардын алкагында кол коюлган 10 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестициялык долбоорлорду, тактап айтканда, 2018-жылы Ош облусунда жүзөгө ашырылган 1 млн АКШ долларына «IMZO» брендинин алдындагы терезелердин жана эшиктердин өндүрүлүшү, 1 млн АКШ доллар суммасындагы «Artel» брендинин алдындагы кир жуугуч машиналарды чогултуу долбоорлору жана Кыргызстанда жүзөгө ашырууга пландаштырылган 5 млн АКШ доллар суммасындагы «MEDIAPARK» соода-оюн зоок борборун, 3 млн АКШ доллар суммасындагы «Artel Technical School» мамлекеттик эмес мекеменин филиалын ачуу долбоорлорунун аткарылышы жөнүндөгү маалыматтар менен алмашышты.

Андан сырткары, жолугушууда мындан кийинки кызматташуунун келечеги жөнүндөгү маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий