• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандын зергерчилик өнөржай тармагынын абалы талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. Кечээ, 24-июнда Жогорку Кеӊешинин төрагасынын астындагы Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин кезектеги жыйыны өттү, - деп кабарлайт ЖКнын басма сөз кызматы.

Кеӊеш жыйынынын күн тартибине ылайык, иш-чаранын катышуучулары зергерчилик өнөржай тармагы боюнча улуттук мыйзамдардагы жана макулдашуулардагы ченемдер менен жоболордун жөнгө салуу таасирине жүргүзүлгөн анализдердин натыйжаларын карап чыгышты.

Бул багытта «Зергерлер жана ишкерлер бирлиги» юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы Сталбек Акматов баяндама жасады. Анын айтымында, жогорудагы жүргүзүлгөн анализдер боюнча иликтөө иши Кеӊештин протоколдук тапшырмасынын негизинде аткарылган. Иликтөөнүн негизги максаты Кыргызстандын зергерчилик өнөржай тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча тиешелүү ченемдик-укуктук базага жана экономикалык саясатка өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу болгон.

Талкуунун жыйынтыгында Кеӊештин алдында түзүлгөн жумушчу топтун алкагында Зергерлер жана ишкерлер бирлигине жүргүзүлгөн анализдерден келип чыккан сунуштамаларга ылайык, тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшыруу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, аталган кеӊештин жыйынына Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар, тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.

Эске салсак, Жогорку Кеӊеш Төрагасынын астындагы Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин негизги максаты өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн потенциалын бириктирүү, жагымдуу инвестиция деӊгээлин жогорулатуу, Кыргызстанда ишкерликти алга жылдыруу болуп саналат. Бул кеӊеш ишкерчилик чөйрөсүндө ченемдик-укуктук актыларга мониторинг жана анализ жүргүзүү, ишкерликти жөнгө салуучу мыйзамдарга сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн аянтча болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий