• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын элчиси Жаңы Зеландиянын генерал-губернаторуна ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-мартта Кыргызстандын Жаңы Зеландиядагы элчиси (резиденциясы Токио шаарында жайгашкан) Мирлан Арстанбаев Жаңы Зеландиянын генерал-губернатору Синди Кирого видеоконференция режиминде ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, грамота тапшыруу аземинде элчи Арстанбаев Кыргызстан Жаңы Зеландияны Тынч океан аймагында достук жана келечектүү өнөктөш катары көрүп, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, экологиялык коопсуздук жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине каршы күрөшүү маселелери боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө жана колдоого даяр экендигин белгиледи.

Ошондой эле элчи 2022-жылдын 7-сентябрында өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилей турганын айтып, ушуга байланыштуу жакынкы аралыкта тараптар келишимдик-укуктук базаны түзүү боюнча биргелешкен кадамдарды жасай алат деген ишенимин билдирди.

Генерал-губернатор Синди Киро Арстанбаевди Кыргызстандын Жаңы Зеландиядагы элчисинин кызматына киришүүсү менен куттуктап, жакын арада Жаңы Зеландияга иш сапары менен келүүгө чакырды.

Өз кезегинде, элчи Арстанбаев эки өлкөнүн достук байланыштарын чыңдоо үчүн бардык күчүн жумшарына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий