• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын жалпы калкынын 20%ы гана санитардык эрежелерди аткарууда – Үсөнбаев

Ден соолук 0

Бишкек, 24.02.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жалпы калкынын 20%ы гана санитардык эрежелерди аткарууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө эпидкырдаал туруктуу боло баштаганы менен коронавирус жуктуруп алган учурлар катталууда.

"Казакстандын жалпы калкынын 60%ы санитардык талаптарды сактоодо. Ал эми Кыргызстандын жалпы калкынын 20%ы эле бет кап тагынып, социалдык аралыкты сактоодо. Баарыңыздарды санитардык талаптарды аткарууга чакырат элем", - дейт ал.

Үсөнбаев өлкө боюнча 1 миң 819 орундук даярдалганын, анын 409у учурда иштеп жатканын белгиледи.

"Эгерде абал курчуп кетсе, калган бош орундуктар жумушка тартылат", - деп айтат министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий