• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын жана Казакстандын жашылча-жемиштерин кооптуу деп атап, Россияга өткөрбөй коюшкан

Коом 0

Бишкек, 31.10.18 /Кабар/. Россиянын айыл чарба көзөмөлү башкармалыгынын кызматкерлери Россиянын аймагына карантиндик өндүрүштү киргизүүгө аракет кылган 9 учурдун алдын алган. Жалпысынан Оренбург облусуна 166 тоннадан көп кооптуу жаңгак, жашылча жана жемиштерди алып кирүүгө аракет жасашкан.

Маалыматка караганда, 20 тонна казакстандык жүзүм, 37 тоннадан ашык кыргызстандык жүзүм жана грек жаңгагын, Кытайдан миндаль, пекан жана макадамийди туура эмес документтер боюнча ташышкан.

Сапатын, коопсуздугун, өлкөсүн тастыктаган фитосанитардык сертификаты жок 44 тоннадан ашык бадыраң, коон жана пиязды алып кирүүгө аракет жасашкан.

Туура эмес жасалган документтер боюнча 60 тоннага жакын жүзүм, курма жана кыргыз, казак калемпирин ташып өткөрүүгө аракет жасашкан.

Бардык өндүрүштү алып кирүүгө тыюу салынып, күнөөлүү адамдар административдик жоопкерчиликке тартылды.

Азык-түлүктөрдү ташыган унаалар өз өлкөлөрүнө кайтып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий