Кыргызстандын жана Хорватиянын ТИМ башчылары Брюсселде жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Брюсселде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Хорватия Республикасынын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Радман менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы күн тартибин, ошондой эле Хорватиянын Европа Бирлигиндеги төрагалыгынын алкагында 2020-жылга биргелешкен пландарды, анын ичинде, Европа Бирлиги-Борбордук Азия жаңы Стратегиясынын алкагында өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы алдыга багытталган кеңейүүсүнүн жана эл аралык, регионалдык күн тартибинин чечүүчү аспекттери боюнча көп тараптуу аянтчаларда өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий