• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын жана Польшанын тышкы иштер министрлери жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Кечээ, 25-сентябрь күнү Нью-Йорк шаарында БУУ Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Польшанын тышкы иштер министри Яцек Чапутович менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Айдарбеков, эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны бекемдөө, парламенттер аралык кызматташууну арттыруу максатында кезектеги саясий консультацияларды өткөрүүнү сунуштап, эки өлкө ортосундагы алака ар тараптуу өнүгөрүнө ишеничин билдирген.

Аны менен бирге жолугушууда Польшанын 40 млн евролук насыясы, экономикалык кызматташтыкты арттыруу боюнча талкуу жүргөн.

Ошондой эле министрлер, БУУ, ЕБ, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында иштешүү боюнча пикир алышкан.

Жолугушуу учурунда Айдарбеков кесиптешин Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырган.

Пикир

Оставить комментарий