• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын жана Өзбекстандын Өкмөт башчыларынын тар чөйрөдөгү жолугушуусу (Сүрөт)

Өкмөт 0

Бишкек, 29.03.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-мартта, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилеринин алгачкы кеңешине катышуу үчүн Фергана шаарына (Өзбекстан) келди. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

«Достук-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункттунда Өкмөт башчыны Андижан облусунун губернатору Шухратбек Абдурахмонов тосуп алды.

Премьер-министр Сапар Исаков Кеңештин жыйынына катышуу алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен тар курамда жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптык өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкө ортосундагы чек-ара кызматташтыгын мындан ары дагы өнүктүрүү боюнча перспективалар талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий