• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын жарандары үчүн Түркияда иштөөгө уруксат үчүн алынуучу акыны жумуш берүүчү төлөшү керек – КР ТИМ

Коом 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин расмий билдирүүсүнө таянып, 2019-жылдын 26-июнунан тартып Түркиянын Үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызмат министрлиги тарабынан эмгектенүүгө уруксат алуу үчүн төлөнүүчү акы (223 долларды түзүп келген) алынып салынганын эскертет (учурда түркиялык лирадан которгондо 175 АКШ долларын түзөт).

"Азыркы күндө Кыргызстандын жарандарынын эмгектенүүсү үчүн уруксат акысын Кыргыз Республикасынын жумуш издеген жарандары эмес, Түркиянын аймагындагы жумуш берүүчүнүн өзү төлөп бериши керек", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик, иштөө максатында Түркия Республикасына кетүүнү пландап жаткан жана документтерин тариздөө үчүн жеке агенттиктерге кайрыла турган Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркияда иштөөгө уруксат алуу үчүн акча төлөбөөгө чакырат.

"Иштөөгө уруксат алуу үчүн акы төлөөгө мажбурлаган фактылар болгон учурда жумуш менен камсыздоочу жеке агенттиктердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мамлекеттик профилдик орган болуп саналган КР өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматына кабарлаңыздар", - деп сунуштайт министрлик.

Пикир

Оставить комментарий