• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстандын жарандарынын Тажикстандын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 17.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 1-февралында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстан Республикасынын аймагында жана Тажикстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 11-октябрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамда Тажикстан Республикасынын аймагында убактылуу болгон Кыргыз Республикасынын жарандары Тажикстандын компетенттүү органдарында алтымыш (60) календардык күн ичинде катталуу (келген жери боюнча каттоого туруу) милдеттеринен бошотулат.

Мыйзамда Тажикстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартибине дагы жогорудагыдай ченем киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий