• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын жарандыгына 978 адам кабыл алынып, 493 адам жарандыктан чыгарылды

Президент 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 3 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

2 Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 978 адам кабыл алынат (анын ичинен 837 — чоң адамдар жана 141 — балдар). Алардын көпчүлүгү — тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

1 Жарлыкка ылайык, 493 адам (анын ичинен 365 — чоң адамдар жана 128 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат.

Бардыгы 1471 адам кайрылышкан (1202 — чоң адамдар жана 269 — балдар).

Пикир

Оставить комментарий