• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

973 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды

Президент 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө 4 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин үч Жарлыгы менен 973 адам (771 чоң адам жана 202 бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынат, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар жана дагы бир Жарлык менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 238 адам (186 чоң адам жана 52 бала) чыгарылат.

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктар: 1, 2, 3, 4.

Пикир

Оставить комментарий