• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын жараны 300 миң сомдук товарды өлкөгө мыйзамсыз алып кирүү аракетин жасаган

Укук тартиби 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. “Түштүк” бажысынын бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен-Ош унаа жолунун Баткен облусунун Кызыл-Жол айылындагы аймагында Евразиялык экономикалык биримдигинин аймагына мыйзамсыз товар ташууну кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бажы биримдигинин аймагына товарларды мыйзамсыз ташууну аныктоо жана жоюу боюнча пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө КР жараны А.у.К. айдаган «МЕРСЕДЕС-БЕНЦ» маркасындагы КР мамлекеттик номерлүү унаа токтотулган.

Унаа каражатындагы жүктөрдү текшерүүдө «TENGIH» спорттук бут кийимдери, «BAKHT RAWAN MEHNDI PRODUCTC»SANAM» чач боектору, «Royal Nova» шампундары табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 323 миң 264 сомду түзөт.

Материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий