• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын жараны Казакстанга бөтөн паспорт менен чыгууга аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Чон-Капка - автожол» өткөрүү пунктунда чек арачылар башка адамдын паспорту менен жүргөн Кыргызстандын жаранын кармашты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдиргендей, 2001-жылы туулган А.И. уулу аттуу кыргыз жараны Казакстанга бөтөн паспорт менен чыгууга аракеттенген. Ал паспорттук текшерүүдөн өтүп жатканда 1995-жылы туулган А.Д. уулунун атына жазылган паспортту көрсөткөн.

«Бирок чек арачылар дароо эле паспорт ага таандык эместигин аныктаган. Жаран кармалып, териштирүүлөр үчүн УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырылган», - деп белгиледи чек ара кызматы.

Пикир

Оставить комментарий