• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын жараны Түркиядан Бишкекке башка бирөөнүн паспорту менен учуп келген

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.02.19. /Кабар/. "Манас-аэропорт" көзөмөл өткөрмө пунктунда "Стамбул-Бишкек" рейси аркылуу башка бирөөнүн паспорту менен учуп келген Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, паспорттук көзөмөлдөн өтүп жатканда Кыргызстандын 26 жаштагы жараны башка адамга таандык паспортту көрсөткөн.

Тийиштүү кагаздар толтурулгандан кийин, ал жаран Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий