• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын жаш балбандары күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Венгрияда өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 17-26-июль күндөрү Будапешт шаарында өтөт.

Грек-рим күрөшү боюнча балбандар 21-26-июль күндөрү:

1. Нурболот Бердикулов, 45 кг;

2. Раззак Бейшекеев, 60 кг;

3. Нурел Дүйшөнбеков, 71 кг;

4. Нуристан Сүйөркулов, 51 кг.

Эркин күрөш боюнча балбандар 17-23-июль күндөрү:

1. Билол Шарип уулу, 51 кг;

2. Айдар Жусупбеков, 65 кг;

3. Кутман Толобаев, 92 кг;

4. Иса Асаналиев, 110 кг.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча спортчулар 19-24-июль күндөрү:

1. Күмүшай Жооданбекова, 46 кг;

2. Таӊчолпон Кыбалбекова, 57 кг;

3. Жаркынай Нурлан кызы, 61 кг;

4. Назгул Сарыбекова, 65.

Пикир

Оставить комментарий