• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын жаш футболчулары "Кайрат" жана БАЭнын командасы менен оюн өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Футбол боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын курамасы (U-19) 2020-жылы өтө турган Азия биринчилигине даярдык иретинде бир катар жолдоштук оюн өткөрөт. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Улуттук курам 5-6-октябрда Алматанын "Кайрат" командасы менен беттешет. Ал эми, 14-17-октябрда БАЭнын командасына каршы ойношот.

Эскерте кетсек, чучукулактын негизинде Кыргызстандын курамасы "D" тайпасына туш келген, анда Иран, Непал жана БАЭнын командалары жайгашкан.

Оюндар 6-10-ноябрда Иранда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий