• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын жаштары КЭРдин коронавируска каршы күрөшүн колдорун билдирди

Коом 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Социалдык тармактарда Кыргызстандын жаш активисттери Кытайдын коронавируска каршы күрөшүнө тилектештигин билдирген акция баштады. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Бул демилгени көтөрүп чыккандардын бири – Бакай Акылбек уулу.

"Коронавирус бир эле коңшу Кытайдын эмес, баардык дүйнө коомчулугунун көйгөйү. Себеби, ал эпидемия дүйнөнүн кайсы бөлүгүндө болбосун чыгышы мүмкүн болчу. Анын очогу башка өлкөлөргө тарабай тургандыгына да кепилдик жок. Мындан улам Кытайдын ал маселени чечүүдөгү аракетине колдообузду билдиргибиз келет. Бири-бирибизди колдоо жана жалпыбыздын аракетибиз менен бул илдетке каршы тура алабыз", - дейт ал.

Ал белгилегендей, бүгүн айрым окуу жайларда бул маселеге арналып флешмоб уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий