• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын жеңил атлетчилери Ирандагы чемпионатка катышат

Спорт 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Кыргызстандын тогуз жөө күлүгү Иранда өтө турган жеңил атлетика боюнча Борбор Азиянын чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, чемпионат 19-февралдан 23-февралга чейин жабык имаратта өтөт.

Мелдешке бара турган кыргызстандык жөө күлүктөрдүн тизмеси:

• Анна Буланова 25 жашта;
• Гүлшанай Сатарова 27 жашта;
• Эркинбек Шеров 23 жашта;
• Кирилл Сарасов 21 жашта;
• Шахзат Садыкжан уулу 22 жашта;
• Михаил Солошенко 19 жашта;
• Баястан Максатбек уулу 23 жашта;
• Айбек Сыргакбеков машыктыруучу.

Улуттук курама команданын мүчөлөрү спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция тарабынан каржыланат. Ага дирекциянын бюджетинен 434 миң сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий