• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР жер казынасын пайдалануу комитети менен Росгеология $1,2 млрд келишим түздү. Алар эмнеге жумшалат?

Экономика 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Россиянын "Росгелогия" акционердик коому менен Кыргызстандын Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети 1,2 млрд. долларлык келишимге кол коюшту.

Ал келишимге кол коюу Бишкектеги VIII Аймактар аралык кыргыз-россиялык конференциясында болуп өттү.

"Росгелогия" АКсынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Сергей Сучков "Кабар" агенттигине билдиргендей, кол коюлган келишимдин максаты Кыргызстандын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү болууда.

"Катуу кен, көмүр суутектүү чийки заттарга геологиялык чалгындоодо жөндөмү бар биздин компания, жер алдындагы сууларды издөөдө көп тажрыйбасы бар. Адистерди, технологияларды тартууну пландап жатабыз. Евразиялык өнүктүрүү банкы, Евразиялык фонд жана гранттар, анын ичинде мамлекеттик гранттар боюнча каржылоо бар", - деди ал.

"Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан өлкөнүн түштүк аймагында суу менен камсыздоо жагын өнүктүрүү тапшырмасы коюлууда. Бул багытта активдүү иштер жүрүүдө", - деди ал.

Ал кошумчалагандай, каражаттын суммасы кошумча макулдашуулардын алкагында бекитилет.

"Бирок, биздин макулдашуу боюнча каржылоонун жалпы көлөмү 1 млрд. 200 млн. долларды түзөт. Алар мен атаган каржы институттарынын эсебинен которулат", - деди ал.

Ал эми, Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдиргендей, 20 жыл ичинде алгач ирет мамлекет жана Россия тараптан суу маселесине көңүл бурулууда.

Пикир

Оставить комментарий