• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сочиде өткөн КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинде бир катар макулдашууларга кол коюлду

ЕАЭБ 0

Бишкек, 08.06.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында Сочи шаарында (Россия Федерациясы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин тар курамдагы кезектеги жыйыны болду.

Жыйындын күн тартибинде 3 негизги маселе аныкталып, аларды кароонун жүрүшүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагындагы экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча кылдат пикир алмашуу болду.

МинКаб Төрагасы “Бүгүнкү күндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги КМШ мамлекеттеринин көп профилдүү кызматташуусу үчүн ийгиликтүү аянтча болуп калууда жана постсоветтик мейкиндикте өкүлчүлүктүү бирикме катары анын актуалдуулугун ырастайт”, - деп белгиледи.

Андан ары КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны кеңири форматта уланып, анда КМШ алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.

Жыйындын алкагында, Кызмат көрсөтүүлөрдү эркин соодалоо, түзүү, иштетүү жана инвестициялоо жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду, анын үстүндө иштөө 10 жылдан ашуун убакыт созулган.

КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагындагы дагы бир маанилүү документ, Радиациялык мониторингдин маалыматтарын алмашуу боюнча КМШга мүчө-мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндөгү макулдашуу болду.

Ошондой эле өнөр жай кооперациясы, маданий-гуманитардык тармак, каржы жана кадр маселелери боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Мындан тышкары, КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинде Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында, Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар арасында КМШ өлкөлөрүнүн Спартакиадасы жөнүндөгү Жобо бекитилди.

КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын соңунда жакынкы үч жылга КМШнын Жаштар борборун жарыялоо чечими кабыл алынды:

- 2024-жылы бул статус Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына берилет;

- 2025-жылы - Азербайжан Республикасынын Габала шаарына;

- 2026-жылы - Армения Республикасынын Капан шаарына.

Пикир

Оставить комментарий