• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандын ЖОЖдору университеттердин финансылык автономиясынын моделин иштеп чыгат

Билим 0

Бишкек, 06.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын ЖОЖдору университеттердин финансылык автономиясынын моделин иштеп чыгат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана министрдин кеңешчиси Алмаз Ибраев “Кыргызстан университеттеринин финансылык автономиясын өнүктүрүү” долбоорунун консорциумунун жыйынына катышты.

Долбоор университеттин каржылык өз алдынча башкаруу системасын иштеп чыгууга, аны апробациялоого, каржылык автономияны кеңейтүүгө жана жогорулатууга багытталган.

Долбоор Кыргызстандын ЖОЖдорунун каржылык-экономикалык көз карандысыздыгынын келечегин изилдеп, модели иштелип чыгып, кийин юридикалык жактан бекитүү үчүн ЖОЖдордун финансылык ыйгарым укуктары такталат. Модель Флоренция университетинин жана Магдебургдагы Отто фон Герике университетинин финансылык менеджмент тажрыйбасынын негизинде даярдалат деп мерчемделүүдө.

Долбоордун Консорциумуна Кыргызстандын 12 жогорку окуу жайы, Германиянын, Италиянын 2 эл аралык билим берүү мекемеси жана Италиялык коомдук уюм кирет.

2-3-февралдагы жолугушууда Кыргызстандагы Erasmus+ офисинин өкүлү Г.Исаева, долбоордун улуттук координатору Нурлан Омуров, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев, университеттердин өкүлдөрү финансылык автономиянын актуалдуулугун белгилешти.

“Кыргызстандын университеттеринин финансылык автономиясын өнүктүрүү” долбоору (DEFA) Европа Биримдигинин Erasmus+ программасы тарабынан каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий