• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын журналисттери Reuters мастер-класстарына катыша алышат

Коом 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. 3 жылдан жогору эмгек тажрыйбасы бар журналисттер “Перспективы” программасынын “Санариптик доордо окуяларды чагылдыруу” мастер-класстарынын цикли 6-июлдан 6-августка чейин өтөт.

Мастер-класстардын башкы багыты –ар кандай форматтагы тексттерди Reuters агенттиги жана башка глобалдык маалымат кызматтары колдонгон эл аралык кесиптик стандарттарга ылайык жазуу.

Программа журналисттердин текст жазуу жөндөмдүүлүктөрүн жакшыртууга багытталган практикалык көнүгүүлөрдөн турат. Журналисттик материалдарды жана санариптик медиаларга мультимедиялык материалдарды даярдоого үйрөнүшөт.

Мастер-класстар 15-17-сентябрда (Армения) жана 14-16-октябрда (Грузия) өтөт. Катышуу акысыз, уюштуруучулар барыш-келишин жана мейманканада жашоону камсыздайт.

Билдирмелерди кабыл алуу 2017-жылдын 6-августуна чейин жүрөт. Кеңири маалымат бул жерде.

Пикир

Оставить комментарий