• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык спортчу Хасан Баудунов Аргентинада өткөн мелдеште коло байге утту

Спорт 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Кыргызстандык Хасан Баудунов Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте өтүп жаткан жаштар арасындагы жайкы олимпиада оюндарында “коло” байге утту. Бул тууралуу мелдештердин расмий сайты кабарлады.

17 жаштагы КРдан барган спортчу шпага менен фехтование боюнча мелдешке катышкан.

Тайпалык этапты өтүп, ал Япониянын өкүлү – Сея Асамини 15:9 эсеби боюнча уткан. Жарым финалда Германиялык – Пол Вельтруптан жеңилип калган (15:12). Коло медаль үчүн египеттик – Мохамед Эльсаид менен беттешип, 14:13 эсеби менен жеңип, 3-орунга ээ болгон.

Учурда Кыргызстандын байге куржунунда 2 медаль бар: күмүш жана коло.

Баудунов Таиландда өткөн Азия чемпионатында күмүш уткан, Азиянын жана БАЭ чемпиону.

Пикир

Оставить комментарий