• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанга 1,25 млн доза өлчөмүндөгү Sinopharm вакцинасынын жаңы партиясы келди

COVID - 19 0

Бишкек, 01.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасына республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган 1 млн 250 миң доза өлчөмүндөгү коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm кытай вакцинасынын жаңы партиясы жеткирилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кытай Эл Республикасына COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө, ошондой эле вакцина сатып алуу маселесинде көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.

Министрлер Кабинети жарандарды өзүн жана жакын адамдарын сактап, вакцинацияланууга чакырат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июль айынын башында республиканын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча 1 млн 100 миң доза кытай вакцинасы сатылып алынган. Жалпысынан 2 млн 350 мин доза сатылып алынды.

Пикир

Оставить комментарий