• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга 100 даана жаңы өрт өчүрүүчү унаа келди

Коом 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Кыргызстанга 100 даана заманбап, жаңы өрт өчүрүүчү унаа келди. Өрт өчүрүүчү унаалардын паркын мындай масштабдуу жаңылоо Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат.

Мындай ири сандагы техниканы өлкөгө алып келүү президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашып отурат.

Белгилей кетсек, буга чейин 2022-жылдын март айында Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун алкагында 58 даана өрт өчүрүүчү унаа Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүлүп берилген.

Кытайдан жардам иретинде келген 100 техниканын ичинен: 75 – 5 тонналык, 10 – 8 тонналык өрт өчүрүүчү унаа, 10 – өрткө каршы авариялык куткаруу унаасы, агитация, пропаганда ишине колдонулуучу 2 автобус, 50 метрлик 3 автошаты.

75 – 5 тонналык өрт өчүрүүчү негизги унаа: жаңы унаада өрттүн жалынын басып, анын жайылышын чектеген көбүк суу менен автоматтык түрдө даярдалып, өрттү көздөй аттырууга болот. Өрттүн масштабына жараша жеңчелерди улап отурбастан, атайын түтүкчөлөр аркылуу жалынды көздөй заматта 60 метрге чейин суу чачууга болот. Ошондой эле ар биринде керектүү бардык шаймандар, түрдүү узундуктагы суу жеңчелери жана 5 өрт өчүрүүчүнүн кийими, каска, уулу газдан жана түтүндөн коргоочу аба шлеми, рациялар менен жабдылган. Бул техникалар буга чейинкилерден бир кыйла кубаттуу жана татаал шартта иштөөгө ыңгайлашкан.

10 – 8 тонналык өрт өчүрүүчү негизги унаа: биринчи жолу 8 тонна суу бата турган өрт үчүрүүчү 10 унаа келди. Чоң көлөмдөгү суу бата турган унаа менен суусуз же суу алыс жайгашкан жерлерде өрт чыкканда тилсиз жоо менен күрөшүүдө алда канча жеңилдик түзөт. Секундасына 50-100 литр суу чачат.

10 – өрткө каршы авариялык куткаруу унаасы: мындай үлгүдөгү унаалар түрдүү кырсык учурунда 5 тоннага чейин оор жүктү, автоунааны көтөрүүгө, сүйрөп чыгууга ылайыкташкан. Ошондой эле унаада караңгы учурда атайын жарык берүүчү прожекторлор жайгашкан.

2 – автобус агитация пропаганда ишине колдонулуучу: автобустун ичине 10 адам батып, отуруп иштөөгө ылайыкталган стол, стул, үндү аралыкка берүүчү колонка, интернет орнотуучу кабель, нотбуктар менен жабдылган.

3 – 50 метрлик автошаты: "мерседес" үлгүсүндөгү автошаты автоматташтырылган система менен жабдылып, компьютер менен башкарууга болот. Мындай система өрт өчүрүүдө эң ыкчам жана туура аракет көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Заманбап автошаты өнүккөн өкөлөрдө, айрыкча бийик имараттардагы кырсык учурунда адам өмүрүн сактоого, куткарууга жана өрт өчүрүүчүнүн кабат үйдүн чатырына жетүүсүнө ылайыкташылган.

Мындан сырткары, бийик имараттан ыкчам түрдө адамды куткарып калууга ылайыкталган 10 өрт куткаруу жаздыгы, 5 – суу челеги келди. Бийик имараттарда, токой, тоо борунда, ачык аянттарда чыккан өрттү өчүрүүгө ылайыкталган сыйымдуулугу 2000-3500 тонна суу бата турчу 5 суу челеги алынды. Бул суу челеги М-8, М-17, К-32 үлгүсүндөгү тик учакка илинип, өрткө ири көлөмдөгү сууну төгүп, өчүрүүгө болот. Ал эми суу табигый шарттагы 2 метр тереңдиктеги көлмөлөрдөн алынат.

Пикир

Оставить комментарий