• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга 1,3 миңге жакын бодо мал жана жылкыны мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан

Коом 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ири мүйүздүү малды жана жылкыны тийиштүү уруксат берүүчү документтерсиз ташуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атап айтканда, 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына 1189 ири мүйүздүү малды жана 107 жылкыны мыйзамсыз ташуу аракети аныкталды.

Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө бардык коштоочу документтери, ошондой эле салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий