• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга 151 телевизорду мыйзамсыз киргизүүгө аракет жасаган жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 21.05.19. /Кабар/. Евразиялык экономикалык бирикменин (ЕАЭБ) бажы аймагына “LG” маркасындаги телевизорлорду мыйзамсыз ташып келе жаткан жаран Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, 2019-жылдын 14-май күнү “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жараны Е.Б. Б., аттуу жарандын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц спринтер 416” үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулуп текшерүүгө алынган.

“Жогорудагы көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк салуучу бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз алынып келе жаткан 151 даана суюк кристалдуу “LG” үлгүсүндөгү телевизорлор табылган. Кармаган учурда айдоочу товарлар мыйзамдуу ташылып келе жаткандыгы тууралуу бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 3 242 500 сомду түзгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иштин материалдары 2019-жылдын 14-май күнү тергөө үчүн Ош обллустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий