• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанга 170 л аткезчилик күйүүчү май алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 29.03.18. /Кабар/. Талас облусундагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү жайынын чек арачылары аткезчилик жолу менен күйүүчү май алып өтүүгө аракет кылгандарга бөгөт коюшкан.

Кармалган Кыргызстандын жараны “Audi-100” үлгүсүндөгү унаа менен Казакстандан Кыргызстанга эч кандай документи жок 170 л күйүүчү май алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер чогултулган соң жүк жана кармалган адам укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий