• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга 180 баш ири мүйүздүү малды алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Кыргызстанга 180 баш ири мүйүздүү малды алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды, - деп билдирет КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.

Салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Ак-Тилек" бекетине жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан ири мүйүздүү малдарды мыйзамсыз алып келе жаткандарга бөгөт койгон.

"180 баш ири мүйүздүү малды ташыган унаалар кармалган. Импорттоочулардын салыктык каттоо жөнүндөгү салык органынын маалымкаты жана башка документтери болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко берилген.

Пикир

Оставить комментарий