• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга 2018-жылы 6,9 млн. киши келген – биринчи орунда Өзбекстан турат

Коом 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Кыргызстанга 2018-жылы 6,9 млн киши келген. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди.

"Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, биздин өлкөгө келген жарандарды үч топко бөлүшөт: жеке, бизнес жана туризм. Жалпы 2018-жылы 6,9 млн. киши катталган. Бирок бул так маалымат эмес. Аны эсептөө системасы бар, бирок ал "аксап" жатат. Ошондуктан бул багытта дагы иш алып барабыз. Туристтик тармактын экспорт көлөмү боюнча сумма 459 млн. долларды түзгөн. Салык чогултуу - 100 млн сом", - деди ал.

Максат Дамир уулунун айтымында, 2017-жылы келгендердин сан 5 миллионго жакын болгон.

"Келгендердин саны көбөйүп жатканын көрүүдөбүз. Ал өткөн жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү менен да байланыштуу", - деп белгиледи Максат Дамир уулу.

Кыргызстанга келген туристтердин арасында Өзбекстан биринчи орунда, экинчи орунда Казакстан турат.

"Эгер визасыз тартип киргизилген 45 өлкөнү ала турган болсок, анда биринчи орунда Германия турат (22 миң киши). Экинчи орунда - АКШ (16 миң киши), үчүнчү орунда -Түштүк Корея (15,4 миң киши). Андан тышкары араб өлкөлөрүнөн келгендер көп болууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий