• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга 2019-жылдын 11 айында 7 млн 800 миң киши келген – Максат Дамир уулу

Коом 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстанга 2019-жылдын 11 айында 7 млн 800 миңден ашык киши келген. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Маданият министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди.

Ал белгилегендей, алар быйыл жыл аягына карат Кыргызстанга 7,5 млн киши келет деп божомолдошкон.

"Алардын баары турист болбосо да, жарымын турист деп божомолдосо болот. Келгендердин көпчүлүгү КМШ жана коңшу мамлекеттердин жарандары болушат. Ошондой эле, 60 күнгө чейин визасыз тартип киргизилген 52 мамлекеттен келгендердин саны арткан. 2018-жылы 127 миң 750 киши болсо, 2019-жылы 136 миң 186 киши келген", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий