• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга 27 тоннага жакын түстүү металлдарды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Аткезчилик менен алынып келе жаткан түстүү металлдардын партиясы кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9-декабрь күнү КР УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, чектеш өлкөлөрдүн биринен аткезчилик жол менен Кыргызстандын аймагына түстүү металлдарды алып келүү фактысы аныкталды.

Алдын ала маалымат боюнча, Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик көзөмөл постунан жалпы көлөмү 27 тоннага жакын түстүү металлдарды (жез, латунь, алюминий) мыйзамсыз жол менен алып келе жаткан жүк ташуучу унаа кармалган.

Алдын ала эсеп боюнча жүктүн базар баасы 150 миң АКШ долларынан ашык болот.

Бул факты боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүндө ("Экономикалык аткезчилик") каралган кылмыш белгилери менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий