• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга 4 тоннадан ашык дары-дармектен турган гуманитардык жүк келди

Ден соолук 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Улуу Британия өкмөтүнүн жана БУУнун каржылык колдоосу менен Кыргызстанга 4 тоннадан ашык медициналык жабдыктарды камтыган гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жүктүн курамына дары-дармектер, глюкометр жана өпкөнү инвазиялык эмес дем алдыруучу аппараттар кирет.

Тапшыруу аземинде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисине жана БУУнун өкүлдөрүнө пандемия башталгандан берки үзгүлтүксүз колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт белгилегендей, пандемия Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташтык көп тараптуу экендигин көрсөттү.

"Кыргызстан "Ковакс" программасынын катышуучусу катары Оксфорд университети менен британиялык-шведциялык "Астра Зенека" фармкомпаниясы өндүргөн вакцинанын жарым миллиондон ашык дозасын ала алат", - деп билдирди элчи.

Гуманитардык жүктүн наркы 260 миң долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий